Ата-энелер менен иштоонун иш планы 

Дата публикации: 13.01.2016 5:38:57

Ата-энелер менен иштөөнүн кыскача планы

2014-2015-окуу жылында ата-энелер менен бирдикте аткарылган иштерге анализ

Мектепте окуучулардын билим сапатынын өсүшүнө ата-энелердин мектеп менен тыгыз байланышта болуусу түздөн түз таасирин тийгизет.

Сентябрь айынан баштап жыл аягына чейин мектеп менен ата-энелердин байланышы тыгыз болуп көп иш чаралар аткарылды.

Сентябрь айында жалпы ата-энелер менен чогулуш өткөрүлүп, мектептин жетишкендиктери жана мектеп кайсы жагынан начар болуп жаткандыгы айтылды.

Окуучулардын формасы, тазалыгы,тартиби жөнүндө сөз болду.Мектепте кыздар жана балдар үчүн бирдей форма кабыл алынып,окуучуларды форма, окуу куралдары менен камсыздоо ата-энелерге милдеттендирилди. Ата-эне, мугалим,окуучу тарабынан үч тараптуу келишимдер түзүлдү.

Мектеп боюнча ата-энелер комитети түзүлүп, мүчөлөрү жана төрайымы Сейдакматова Сабрина шайланды.

Октябрь айында  Кылмыштуулукту  алдын алуу максатында  тартиби оор, үй-бүлөдө ата-энеси башка жакка иштеп кеткен, томолой жетим балдардын үйлөрүнө рейддерди жүргүзүп, көзөмөл кылып туруу үчүн атайын комитет түзүлдү.Мектеп менен тыгыз байланышта болуу үчүн ата-энелерди катыштырган иш чаралар өтүп турары белгиленди.

Сабакка келбей, сабактан качкан окуучулардын ата-энелери менен жекече сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Класстарда ар бир ай сайын ата-энелер жыйналыштары өтүлүп, окуучулардын сабакта жетишкендиктери, кемчиликnери, тартиби жөнүндө талкуулашты.

Ноябрь айында жалпы ата-энелер жыйналышы өтүлүп, мектепте камкордук кеңеши ачылды.

Камкордук кеңешинин мучөлөрү , төрайымы шайланып, камкордук кеңешинин иши башталды.

Ар бир класста ата-энелер жыйналышы өтүлүп, балдарынын  1-чейрек боюнча билим сапаты,жыйынтыгы айтылды.

Декабрь айында

 кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ар бир класстын ата-энелер комитети чогулуп, окуучулар арасында налог салуу, зордук зомбулукту алдын алуу, болтурбоо чаралары боюнча иш чара өтүлдү.

Жаңы жылдык “Балаты” майрамына катышып балдарына белектерин берип, алар даярдаган концерттик майрамга күбө болуп кетишти.

Январь айында

Жарым жылдык жыйынтык чыгарылып,ата-энелер комитетинин билдирүүсү болду.

Окуучлардын 2-чейрек боюнча билимдери айтылып, жетишпеген, сабакты көп калтырганокуучулардын ата-энелери менен жекече сүйлөшүүлөр болду.

Сабакты көп калтырып жаткан 11-класстын окуучусу Шаршеев Нурбектин энеси менен ,

8-класстын окуучусу Беккожо  уулу Элемандын энеси менен сүйлөшүлүп, балдарынын сабакка катышуусуна көзөмөл болуусу, убагында  жиберип туруусу милдеттендирилди.

Февраль айында

Ата-энелер Ата Мекенди коргоо күнүнө арналган иш чараларга катышууга чакырылып, балдарынын өнөрлөрунө күбө болуп кетишти.

Ата-энелер комитетинин катышуусу менен үй-бүлөдө шарты оор 7б-классынын окуучусу Абетова Аселдин , томолой жетим 7б-классынын окуучусу Эсентай кызы Эркайымдын  үйлөрүнө рейд жүргүзүлдү.Бул кыздарды Кош-Көл айылындагы профинтернатка жиберүү чечилген, бирок кыздардын жашы жетпегендигине байланыштуу бул чечим аткарылган жок.

Тартиби оор 9-классынын окуучусу Айтбеков Саламаттын энеси менен баласынын тартиби жөнүндө сүйлөшүлдү. Саламат өгөй атасы менен батышпагандыгы ошондуктан мүнөзүнүн оорлошу,мектептен эмес үйдөн да качып турганы жөнүндө сүйлөшүлдү.Энеси 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк алса, башка жакка окууга жиберерин айтты.

Март айында

8-Март аялдардын Эл аралык күнүнө арналган  ачык тарбиялык сааттар энелердин катышуусу менен өткөрүлүп, энелер балдарынын өнөрлөрүнө күбө болуп, маанайлары ачылды.

Ар бир класста ата-энелер жыйналышы өтүлүп, балдардын тартиби, сабакка катышуусу, жетишүүсү боюнча класс жетекчилердин билдирүүлөрү болду.

Апрель айында

Тартип бузган 9-классынын эркек балдарынын ата-энелери менен жекече сүйлөшүлдү.

 ИДн кызматкеринин,администрациянын катышуусунда 9-класстын эркек балдарынын тартиби жөнүндө жыйналыш өткөрүлүп, ата-энелерге балдарынын тартибине үйдөн да катуу көзөмөлгө алууга милдеттендирилди.

Айыл өкмөтүнүн , мугалимдер коллективинин, ИДН кызматкерлеринин,ата-энелердин катышуусу менен мектеп окуучуларынын тартиби, балдарды тарбиялоодо ата-эненин,мугалимдердин, коомчулуктун, айлана-чөйрөнүн  таасири жөнүндө ой толгоо жыйналышы өткөрүлдү.

Акыркы жылдары айрыкча айыл арасында балдардын келишпөөчүлүктөрү,аларга болушуп чоң балдар арасында чатактар көп болуп жатканы, аларды канткенде токтотуп, ынтымакка чакыруу керектигине токтолуп, бул проблеманы чогуу отуруп чечишти.

Май айында жалпы ата-энелер жыйналышы өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы боюнча билдирүү болду.

 

ата-энелер менен жолугушуулардын бир жылдык календары

 Подписаться на сообщения

2015-2016-окуу жылынын кышкы каникулунда жаш муундардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуусу

Отправлено 8 февр. 2015 г., 13:38 пользователем Махават Орумбаева   [ обновлено 22 окт. 2015 г., 10:05, автор: Венера Акматбекова ]

Урматтуу ата-энелер!

 2015-2016-окуужылынын кышкы каникулу 31-декабрдан 25-январга чейин узартылат. Каникул убагында балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн мектепте спорттук оюндар уюштурулат. Спорттук оюндар дүйшөмбү-жума күндөрү саат 10.00дөн 15.00гө чейин өткөрүлөт. Көрсөтүлгөн убакыттан башка убактарда балдардын ден соолугуна жана тартибине көзөмөл болуу ата-энелердин түздөн түз милдети.

Спорт оюндарынын расписаниеси.

4-8-январь  9-11 класстарда футбол оюндары (кыздар жана балдар командаларынын арасында)                                                                                                                                                          5-8 класстарда волейбол (кыздар жана балдар командаларынын арасында)                                                                                                                                                                        2-4 класстарда шахмат шашки оюндары

11-15-январь 9-11 класстарда теннис оюну                                                                                                                                                                                                                                                     5-8 класстарда футбол оюндары                                                                                                                                                                                                                                               2-4 класстарда улуттук оюндар                                                                                                                                                                                                                           18-20-январь 5-11 класстарда улуттук оюндар                                                                                                                                                                                                                                               2-4 класстарда футбол оюндары

21-22-январь 8-11-класстарда эстафета оюндары мугалимдер командасы жана ата-энелер командалары менен                                                                                                                                     2-4 класстарда "Атам,апам жана мен" үй-бүлөлүк спорттук оюндар.

Спорт оюндарын өткөрүү жана балдардын ден соолугуна,тартибине көзөмөл болуу дене тарбия мугалими Айтбеков  Адилетке   милдеттендирилет.