Улуттук  адабият күнүнө арналган  жумалык  өткөрүлдү.

Дата публикации: 25.01.2017 7:25:23

7-12-декабрда  Улуттук  адабият күнүнө арналган  жумалык  өткөрүлдү. "Мектепке  белек"  акциясы  жүргүзүлдү.  Ата  энелер  жана  коомчулук  мектепке  жана  балдарына  1 ден  көркөм  адабият  китептерди  тартуулашты.

   "Мен  сүйгөн  каарман"   аттуу  кыргыз  балдар  адабият  жазуучуларынын  чыгармаларынын  каармандарынан  сүрөт  көргөзмөсү  уюштурулуду.  

    Окуу  фестивалында  ата  энелер  жана  коомчулук  балдарга  китеп  окуп  беришти.     4-класс  Ч.  Айтматовдун  "Биринчи  мугалим"  чыгармасынан үзүндү  көрсөтүп  беришти. Дүйшөндүн образын  Догдурбеков  Жайылумар  Алтынайдын  образын  Толкунбек  к  Жаркынай  аткарышты.

  Сурөт  көргөзмөсүндө   мектеп  ичинде  4-класстын  окуучулары  1  орунду  алышып  райондук  конкурска жолдомо  алып  анын  ичинен  Догдурбеков  Жайылумар  Улуттук  Адабият  Күнү сүрөт  конкурсунан  район  боюнча  1  орунду алып  грамота  менен  сыйланып,  сүрөтчүлөрдүн  окуусуна  чакырылды.  Мугалим:  Алиева  Дарыгүл