12-декабрь  Улуттук  адабият  күнү

Дата публикации: 25.01.2017 6:42:04

7-12-декабрда  Улуттук  адабият күнүнө арналган  жумалык  өткөрүлдү. "Мектепке  белек"  акциясы  жүргүзүлдү.  Ата  энелер  жана  коомчулук  мектепке  жана  балдарына  1 ден  көркөм  адабият  китептерди  тартуулашты.

   "Мен  сүйгөн  каарман"   аттуу  кыргыз  балдар  адабият  жазуучуларынын  чыгармаларынын  каармандарынан  сүрөт  көргөзмөсү  уюштурулуду.  

    Окуу  фестивалында  ата  энелер  жана  коомчулук  балдарга  китеп  окуп  беришти.     3-класс  окуучулары кыргыз  эл  жомогунан  "түлкү  менен  кумурска "  жомогун  ролдоштуруп  сценка  кылып  көрсөтүштү.  Анда  алып  баруучу Илязова  Назик,  түлкүнүн  образын  Ыдырысова  Назик,  кумурсканын  образын  Бакирдинова  Алтынай  эң  жогорку  деңгээлде  чеберчилик  менен  аткарышты. 

   

    Жыйынтыгында  райондук  конкурска  жолдомо алып  ийгиликтүү  жеңишке  жеттик.  

класс  жетекчиси  Каткелдиева  Нуржан