МЕКТЕП ТАРЫХЫ

Мектептин  кыскача   тарыхы.

          Сары-Камыш айылы  Балыкчы  шаарынан  сегиз  чакырым  күн  чыгыш  жагында  жайгашкан. Айылдын  жакын  жеринде  али  күнгө  чейин  саз  бар.Мына  ошондуктан  ал  жерге    бийик  камыштар  осуп  нечен  жылдар  чабылган  эмес. Ошол  себептен  камыштар  саргарып  тоо  кирсе  корунбогон  бийиктикке  жеткен .  Мына  ошондуктан  айылдын  аты  Сары –Камыш деп  аталып  калган.   

         1933- жылы куз  айларында  ушул  айылда  башталгыч  (4) жылдык  мектеп  ачылган.  Ошол  учурда  айылда  40  тутун  эл  болгон.  Айылдын  биринчи  окууга  келген  балдарын  Тору –Айгыр   айылынын  тургуну  Касымолдо  деген  агай  окуткан.

      1936 –жылы  мектепке  Ноорузбаев  Молдош  деген  киши  директор  болуп  келген.  Бул  адамды  учурунда  коргон  адамдар  ото  талапкер  оз  ишине катуу  берилген  адам  эле  дешет.  Ошол  кезде  окуу  тарбия  иштеринин  программалары  жеткиликтуу  иштелип  чыкпаса  да,  озунун  тубаса  таланты  менен  окуучуларына  сабакты  жогорку  денгээлде  отор  эле  дешет. Кийин  Улуу  Ата  Мекендик  согушка  кетип  согуш  буткондон  кийин  кайра  оз  мектебине  келип  мугалимдик  ишин  улантат.

         Мектептин  имараты  эски  болгондугуна  байланыштуу  1994-жылга  чейин  эски  мектепте  окуп  келдик.  1991-жылы  Канаттуулар  фабрикасынын  балдар  бакчасы  120  орунга  ылайыкталып  салынган.  Бала  бакча  1993-жылга  чейин  иштеген.  1994-жылыдан  баштап          Сары-Камыш  орто  мектебине  берилген.  Директору  Абдылдаева  Алина,  окуу  бөлүм  башчысы  Асаналиев  Орозобай  организатор  Өмүралиева  Алмаш  иштеген.  Ал  эми  1997-жыл  окуу  бөлүм  башчысы  болуп  Өмүралиева  Алмаш  организатор  Эмилбекова  элмира  дайындалган.  2000-жылы  окуу  бөлүмүнүн  башчылыгына  Жумашалиева  Жумагүл  дайындалган.  2003-2007-жылга  чейин  окуу  бөлүм  башчысы  Жумашалиева  Ж.  Организатор  Ташкенова  Б.  иштеп  келишти. 2007-жылы  директор пенсияга  чыккандыгына  байланыштуу  директор  Батырканова  С.  Ш.  окуу  бөлүмүнүн  башчысы  Ташкенова  Б.  организатор  Жүндүбаева  Б  иштеди.  2008-жылдан  баштап  2010-жылга  чейин  окуу  бөлүмүнүн  башчысы  Жүндүбаева  Б.  организатор  Исманов  Д  дайындалып  иштеп  келишти.  2010-жылы  1-сентябрдан  баштап  мурунку  директор  бала  бакчага  жетекчи  болуп  которулгандыгына  байланыштуу  директор Эмилбекова  Элмира  окуу  бөлүмүнүн  башчысы  Сейдалиева  Г  организатор  Элебесова  А.  дайындалган. 2012-жылы   9-январда  Сейдалиева  Гүлсана  соц  педагог  болуп  которулуп,  окуу  бөлүмүнүн  башчысы  Жүндүбаева  Бактыгүл  дайындалган.  2015-жылы   1-февралдан  баштап  организатор  өз  каалоосу  менен  бошоп,  ордуна  Айтбеков  Адилет  дайындалды.   Сары-Камыш  орто  мектебине  2012-жылы  М.  Ноорузбаев агайдын  наамы  берилди.  Азыркы  күндө  мектепте  237  окуучу  билим  алууда,  22 мугалим  эмгектенет.  9-мугалим  “Билим  берүүнүн  мыктысы”,  3  мугалим  жаңы  бүтүп  келген  жаш  кадрлар.