ТАРБИЯЛЫК  ИШТЕР

2016-2017-окуу жылына тарбиялык план.docx
мектептин паспорту.docx

       М.  Ноорузбаев  орто  мектебине  ИДН  кызматкери     

 14-ноябрда   Черикчиева  Мээрим  Дүйшөналиевна  келип, окуучулар  арасында  терроризим  боюнча  чогулуш  өтүп,  окуучулардын  сабакка  катышууларына,  формаларына,  күндөлүктөрүнө  көзөмөл  жүргүздү.Окуучулар  "Террор"  деген  эмне  экени  жөнүндө  кеңири  маалымат  алышты.

                                  Окуучулар  ИДН  кызматкери  менен

   16-ноябрда  М.  Ноорузбаев  орто  мектебинде  7-класстан  11-класска  чейинки  окуучуларга  өрт  коопсуздугу  боюнча  кызматкерлер  Омуров  Айбек  жана  Кыязов  Бакыт  өрттөн  сактануу  жөнүндө  кеңири  маалымат  беришти.  Эгерде  өрт  чыкса  класстан  кайда  чыгышаары  жөнүндө  билишти.

   18-ноябрда  кыздар  арасында  чогулуш  өткөрүлдү.

Чогулушта  кыздардын  тартип  тазалыгы,  формасы,  сабакка  катышуулары  жөнүндө өтүлдү.

1-декабрь  Бүткүл  дүйнөлүк  СПИДке  каршы  күрөшүү  күнүнө  карата  3-декабрда   8-классында  "СПИД-кылым  душманы"  деген  темада  ачык  тарбиялык  саатын           8-классынын  класс  жетекчиси  Элебесова  Анара  өттү.

  

    "  Биз  СПИДке  каршыбыз" темасында  диспут  сабагын Табалдиева  Асел  окуучулар  менен  бирдикте  өттү.

   

   "СПИД-  айыккыс  оору"  темасында  Акунова  Назгүл  окуучулар  менен  тегерек  стол  маегин  өткөрдү. Окуучулар СПИД  жөнүндө  кенен  маалыматты  алышты.

    3-классында  "Тазалык  өмүр  булагы"  темасында  ачык  тарбиялык  сааты  өтүлдү.Мугалим  Каткелдиева  Нуржан  окуучуларга  тазалык  жөнүндө  кеңири  түшүндүрүп  берди.

    Жаңы  жылга  карата  23-декабрда  Сары-Камыш  айылынын  имамдары  Мамбетов  Абдыкамыт  ата  жана  Саматов  Бейшеке  окуучуларга  жардыргыч  заттар  жөнүндө  түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүштү. 

      ИДН  кызматкери Черикчиева  Мээрим  Дүйшөналиевна   26-декабрда  окуучуларга  жаңы  жылга  карата отуруш  уюштурбоону  эскертип,  жардыргыч  заттарды  колдонбоолорун  айтып,  кечкисин  сыртта  жүрбөөлөрүн  айтып  өттү. 

     Ачык  тарбиялык  саат  "Самын  менен  дос  бол"   Бул  сабакта  видео  фильм  көрсөтүлүп  ал  боюнча  талкуу  жүргүзүлдү.  Суроолор  жана  жооптор  көнүгүүсү  болду.  Самындын  түрлөрү,  аларды  кандай  жана  кайсы  убакта  колдонулаары  жөнүндө  айтылды.  Колду  самын  менен  кантип  таза  жууш  керектигин  практика   түрүндө  көрсөтүлдү.  Тазалык  тууралуу  маалымат  алышты. Турмушунда  дайыма  колдону  керектиги  эскертилди.  2-класс  Мугалим:  Асанкожоева  Айнагүл  

    Жаңы   жылдык  оюн - зоок  "Жашыл  кооз  балаты"  2-класс  мугалим:  Асанкожоева  Айнагүл  

    Окуучулар  жаңы  жыл  жөнүндөгү  ырларды  көркөм  айтышты,  жомоктордон  сценка   коюшту, обондуу  ырлардан,  бийлерден  аткарышып,  аяз  ата,  аяз  кыздан  белек  алышты.

  28-декабрда  1-8-класстар  арасында  жаңы  жылдык  оюн  зоогу  откорүлдү,  саат  10  00 до  башталды.  29-декабрда  9-10-11-класстарынын  "Көгүлтүр  от"  оюн  зоогу  өткөрүлүп,  көрүүчүлөргө  ыр  бийлер  тартууланды.  Ата-энелер,  айылдык  депутаттар,  мугалимдер  катышышты.  Аяз  ата,  аяз  кыздын  коштоосунда  кызыктуу  оюн  зоок  курулду.

СПИД.docx

Тарбиялык  саат       26-декабрь

1-класс  Мугалим:  Ташкенова  Б.

Тема: „Үй жаныбарлары,  үй  куштары.”

Максаты:Үй жаныбарлары боюнча кеңири түшүнүк алышат,алган билимдери жана билгендери боюнча жолдошторуна айтып беришет.Топтордо иштөөдө ар бир бала өз билгени боюнча эркин сүйлөп бере алат,жолдошторунун жана ата-эненин айткандарын эске туту менен билимдерин толуктайт.

Сабак өтүү ыкмалары:Жалгыз иштөө,жуп менен иштөө,топ менен иштөө,суроо жооп,менен иштөө.Ата-энелердин жардамы менен иштөө.

Сабактын жүрүшү:Саламдашуу.Окуучулар айлана түрүндө турушат,эгерде килемче салынган болсо ага тегерекче болуп отурушат,тегерек столдо ой бөлүшүү.

Мугалим төмөндөгүдөй суроо берет?

Балдар силер кээче күнкү сабак боюнча үйдөн ата-эненер менен же ага-эженер менен сүйлөшө алдыңарбы?Ата-эненер силер мектептен эмне үйрөндүнөр деп сураганда силер эмне деп жооп бердиңер?

 Ар бир окуучу сүйлөгөнгө аракет кылат жана айтып беришет,кээ бир окуучулар апыртмалуу сүйлөшөт,кээ бир окуучулар чың айтышат менден ата-энем эч нерсе сураган жок деп,ал баланын ата-энеси менен сөзсүз байланышуу зарыл,ата-эне балага көңүл бурбаса бала басынып начарлай берет.

Эртең мененки жолугушуу бүткөндөн кийин „Мен таңдайм“ ыкмасы менен борборлоргоо отурушат.Ар бир борбордо темага байланышкан тапшырмалар бар.

Математикака борборундагы тапшырмалар:

1-тапшырма:Силердин уй көп сүт береби?

2-тапшырма:Үйдө канча коюнар бар?Алардын козусу барбы?Качан тууду эле?

3-тапшырма:Уйдө тоок бар?Бир тоок канча жумуртка тууйт?

4-тапшырма:Уйдө кимдин балыгы бар?Баардыгы канча болот экен?

5-тапшырма:Уйдө тоокко ким жем чачат,канча жолу жем чачасынар?

 

Окуу борборундагы тапшырмалар.

1-тапшырма: „Жети улак“жөнүндө жомокту ким билет?(айып беришет,билбесе ата-эне жардам берет)

2-тапшырма:Уй эмне жейт,сууну канча ичет..?

3-тапшырма:Кой сүт береби?Берсе кимге берет?

4-тапшырма:Тери кайдан алынат?

5-тапшырма:Териден эмне жасоого болот?

Жазуу борборундагы тапшырмалар.

1-тапшырма: Ж тамгасы кандай бөлүктөрдөн турат?Баракта  С тамгасы оң жана тескери жазуу менен ошондой эле таякча менен Жана таякча менен оң тескери жазылган С туташтырган кыйшык жары таякчалар.

2-тапшырма:Баракча жазылган С тамгасын улантуу.

Эскертүү:Столдун үстүндө үй жаныбарларынын окшоштуктарынын жана айырмасын чагылдырган сүрөттөр болушу зарыл,окуучу жардамчы материал катары колдонгонго.

Мисалы:Үй жаныбарларынан тышкары жумуртканын, эттин, сүттүн,жүндүн жана жүндөн жасалган кийимдердин сүрөттөрү,ошондой эле ээр токумдун сүрөттүн койсонор жанылбайсынар.

Сөзсүз түрдө эле бир күндө алты борборду түзүү керек эмес силердин чыгармачылыгынарга жана балдардын жөндөмүнө жараша 3 же 4 ар кандай борборлорду түзөө аласынар.

Окуучулар ар бир борбордо 15-20 мунутадан иштешет,бул мугалимдин тапшырманы түзгөндүгүнө байланыштуу. Тапшырманы үйдөн түзүп жатканда баланын жаш өзгөчөлүгүнө жана жөндөмүн эске алуу зарыл.Мен теоритик усулчу ал эми силер практик чыгармачыл мугалимсинер ошондуктан силер түзгөн тапшырмалар балдарга жакын болуп алардын каалоосун канааттандырасынар деп ойлойм да ишенем.

 Окуучулар тапшырмаларын борбордо ата-энелер менен бирдикте иштеп бүткөндөн кийин мугалим же таймер тарабынан таймер,ата-эне да боло алат „сигнал“-белги берилет.Окуучулар столдун үстүн ирээттеп тапшырмаларды ордуна коюп,сааттын жебеси менен башка борборго жылышат.

Баардык борборлорду сааттын жебеси аркылуу кыдырып бүткөндөн кийин ар бири өз борборлоруна келишет.

Тапшырмаларды аткарууда кандай кыйынчылыктар жана түшүнбөстүктөр болду талкуулашат.Андан сон кандай аткарды айтып беришет.

Мисалы:Математика борбору ,жазуу борборунда кандай иштеди жана аткарды айтып жана көргөзүп беришет.Ал эми математика борбору,жазуу борборунун тапшырмасы боюнча айтат.

Бардыгы айтып,жаткан бүткөндөн кийин толуктоо болсо толуктайт.

Мисалы:Мен бул тапшырманы мындай жасаган деген салыштыруулар болот.

Окуучулардын жасаган иштерин көргөзмө катары тамга илип же шкафка коюп кою зарыл,себеби окуучулар өздөрүнүн жасаган иштерин башкалар менен салыштырып,анализдөөгө калыптанат жана өнүгөт.

7-12-декабрда  Улуттук  адабият күнүнө арналган  жумалык  өткөрүлдү. "Мектепке  белек"  акциясы  жүргүзүлдү.  Ата  энелер  жана  коомчулук  мектепке  жана  балдарына  1 ден  көркөм  адабият  китептерди  тартуулашты.

   "Мен  сүйгөн  каарман"   аттуу  кыргыз  балдар  адабият  жазуучуларынын  чыгармаларынын  каармандарынан  сүрөт  көргөзмөсү  уюштурулуду.  

    Окуу  фестивалында  ата  энелер  жана  коомчулук  балдарга  китеп  окуп  беришти.     4-класс  Ч.  Айтматовдун  "Биринчи  мугалим"  чыгармасынан үзүндү  көрсөтүп  беришти. Дүйшөндүн образын  Догдурбеков  Жайылумар  Алтынайдын  образын  Толкунбек  к  Жаркынай  аткарышты.

  Сурөт  көргөзмөсүндө   мектеп  ичинде  4-класстын  окуучулары  1  орунду  алышып  райондук  конкурска жолдомо  алып  анын  ичинен  Догдурбеков  Жайылумар  Улуттук  Адабият  Күнү сүрөт  конкурсунан  район  боюнча  1  орунду алып  грамота  менен  сыйланып,  сүрөтчүлөрдүн  окуусуна  чакырылды.  Мугалим:  Алиева  Дарыгүл

23-февраль  "Мекенди  коргоо"  күнүнө  карата    "Кана  эмесе  жигиттер"  кароо  сынагы  өткөрүлдү.  Сынакка      7-8-9-10-11-класстарынан  бирден  жигит  катышышты.  Сынакта  7-класстын  окуучусу  Акылбеков  Бекжан          1-орунга   ээ  болуп,  "Шамдагай  жигит"  номинациясын  алды.  2-орунду  10-классынын  окуучусу  Нурбек  уулу  Олжобай  ээлеп   "Акылдуу  жигит"  номинациясын  алды.  3-орунду  11-классынын  кенжебеков  Арген  ээлеп,  "Адептүү  жигит"  номинациясын  алды.  9-классынын  окуучусу  Канатбеков  Байэл  "Сабырдуу  жигит"  номинациясына  ээ  болду.  8-классынын  окуучусу  Бактыбек  уулу  Аман  "Ыймандуу  жигит"  номинациясын  алды.  Кароо  сынак  көрүүчүлөрдүн  купулуна  толду.

      7-мартта  М.  Ноорузбаев  орто  мектебинде  "Кана  эмесе  кыздар"  кароо  сынагы  өткөрүлдү.  Сынакта  кыздар  оймо кесүүнү,  курак  куроону,  чачтарды  кооздоп  өрүүнү,  салат  жасоону  жана    өз  өнөрлөрүн  көргөзүштү.  7-класс  "Каныкей"  командасы,  8-класс  "Роза  командасы",  9-класс  "Эне  жүрөгү"  командасы,  10-класс  "Лотос"  командасы,  11-класс  "Кызгалдак"  командалары  деп  аталышып,  1-орунду  "Лотос"  командасы,  2-орунду  "Роза"  командасы,  3-орунду   "Кызгалдак"  командасы  ээлешти.  Мектеп  адмнистрациясы  тарабынан мактоо  баракчалары  менен  сыйланышты.

     М.  Ноорузбаев  орто  мектебинде  Нооруз  майрамына  карата  башталгыч  класстар  улуттук  каада  салтты көргөзүшүп,  улуттук  тамак  аштарды  жактап,  улуттук  бийлерди,  ырларды  аткарышты.  5-класстан  9-класска  чейинки  окуучулар  ар  улуттун  өзгөчөлүгүн  (тамак  ашын,  ырларын,  бийлерин)  аткарышып, улуттук  кийимдерин  кийип  даңазалашты.  Ал  эми  10-11-класстын  окуучулары  кыргыз  элинин  каада-салттарынын  ичинен  "кыз  узатуу"  салтын  көргөзүштү.  Окуучулар  куда  тосуу  жана  аларга  сый  көрсөтүү  урматын  дагы  бир  жолу  тастыкташты.