МЕТОД.БИРИКМЕЛЕР
Башталгыч классынын усулдук бирикмеси. 2016-2017-окуу жылындагы Ысык-Көл райондук Август кеңешмесинде башталгыч класстын мугалимдери: Ташкенова Бактыгүл, Каткелдиева Нуржан башталгыч класстардын мугалимдеринин арасында тажрыйба жайылтуу жана алмашуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлигинин 2014-жылдын 21-июлундагы №403 буйругу менен тааныштыруу жана талкулоо максатында семинар өтүштү.
Каткелдиева Нуржан "Окуп түшүнүү" деген темада доклад окуду.
Ташкенова Бактыгүл Алиппе боюнча "К" тыбышы деген көрсөтмөлүү сабак өтүштү.
Башталгыч класстардын "Бирге окуйбуз" долбоору боюнча 1-семинары
USAID "Бирге окуйбуз" долбоору боюнча 2016-2017-окуу жылындагы 1-семинарына ылайык 21-октябрда 3-класста адабий окуу сабагынан "Наристе чакта көргөмүн" деген темада Каткелдиева Нуржан ачык сабак өттү. Мында чыгарманы окуп түшүнүүдө окуучулар өткөн замандагы элдердин ортосунда "бай", "кедей" болуп бөлүнгөндүгүн, азыркы заманда бөлүнбөстүгүн, баардык адамдар тең укуктуу экендигин түшүнүштү.
Башталгыч класстарда математика сабагынын берилиши. 3-класста математика сабагынан Каткелдиева Нуржан сабагынын берилиши. Тема: "Көп оорундуу сандарды разряддарга ажыратуу" Сандарды разряддык кошулуучулардын суммасына ажыратышты, көп орундуу сандарды окушту.
Башталгыч класстарда математика сабагынын берилиши. 4-класста математика сабагынан Алиева Даргүл сабагынын берилиши. Тема: "Санды 10, 100, 1000 ге көбөйтүү" Сандарды 10, 100, 1000 ге көбөйтүүнүн эрежелерин билишти.
Башталгыч класстарда математика сабагынын берилиши. 2-класста математика сабагынан Асанкожоева Айнагүл сабагынын берилиши. Тема: "Көп бурчтуктардын чеги. Периметр" Көп бурчтуктардын периметрин табууну үйрөнүштү. Периметр түшүнүгүн алышты.
МИФ усулдук бирикмесинин иштери.
9-класста Алгебра сабагынын берилиши. Математика мугалими Муканбетова Батмабүбү Алгебра сабагынан "Квадраттык функция" темасын өттү. Окуучулар тема боюнча таблица түзүп, график чийүүнү үйрөнүштү.
Алгебра сабагынан Муканбетова Батмабүбү
"Квадраттык функция" темасын бышыктоодо
8-класста физика сабагынан ачык сабак өтүлдү
Тема: Температуралык шкалалар. Термометр.Окуучулар температуралык шкала жана термометр жөнүндө түшүнүк алышты. Мугалим Мусапырова Касиет
"Чебер колдор" кружогунун жетекчиси Алиева Жаңыл
6-класстын окуучулары менен иш үстүндө. Окуучуларга сайманын түрлөрүн жана жумшак оюнчук жасоо жолдорун үйрөтүүдө.
"Табигый топ" метод бирикмеси. География мугалими Асаналиев Орозбай Кыргызстандын дарыялары Аралдын, Таримдин , Ысык-Көлдүн бассейндерине таандык экендигин окуучуларга түшүндүрдү. Окуучулар негизги дарыялар Нарын, Сары-Жаз, Талас, Чаткал, Кызыл-Суу экендиги жөнүндө кеңири маалымат алышты.
"Табигый топ" метод бирикмесинин жетекчиси Батырканова Сонунбүбү 7-класста тарых сабагынан ачык саат өтүүдө. Батыш Рим империясы кулагандан кийин Византия империясы түзүлгөндүгүн жана VII кылымда Византияны арабдар басып кирип, талкалагандыгын мисалдар аркылуу окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрдү.
"Кыргызстандын дарыялары"
7-класс. Тарых сабагы
Алгебра сабагынан Муканбетова Батмабүбү мектеп ичиндеги кичи олимпиаданын материалдары менен окуучуларды тааныштырып, өтүү убагы. 9-класстан Орозбек уулу Акжол 8-класстан Желдеңбай кызы Айпери алдыңкы орунга чыгышты.
Мугалим Муканбетова Батмабүбү таланттуу окуучулар менен алгебра сабагынан даярдык көрүп жатышат
Сабактан тышкаркы убакта алгебрадан кружокко даярданууда.
6-декабрда 2-классынын мугалими Асанкожоева Айнагүл Адабий окуу сабагында "Түлкү менен сүлөөсүн" деген темада ачык сабак өттү. Окуучулар теманы жеткиликтуу тушунушту.Ролдоштуруп аткарып жана окуп беришти.
12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата өткөрүлгөн иш чаралар.
12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата адабий кече өткөрүлдү бул адабий кечеде окуучулар Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча слайд көргөзүлүп жана чыгармаларынан окуучулар ролдоштуруп үзүндүлөрдү көргөзүштү.
А. Осмоновдун ырларынан 5-11-класстын окуучулары көркөм айтышып, мугалимдер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.
9-10-11-класстын окуучулары реферат жазышты.
Тема: Түлкү менен сүлөөсүн 2-класс Адабий окуу 5-декабрь 2016-жылы өтүлдү.
Окуучулар жомоктун мазмунун түшүнүштү. Топто, жупта ролдоштуруп окушту, куурчактар менен аткарып беришти. Түлкү менен сүлөөсүнгө класстер түзүштү, сүрөтүн тартышты. Суроо жоопторду "Балаты " кооздоо оюну менен жооп беришти. 2-класс мугалим Асанкожоева Айнагүл
Жаңы жылдык оюн - зоок "Жашыл кооз балаты" 2-класс мугалим: Асанкожоева Айнагүл
Окуучулар жаңы жыл жөнүндөгү ырларды көркөм айтышты, жомоктордон сценка коюшту, обондуу ырлардан, бийлерден аткарышып, аяз ата, аяз кыздан белек алышты.
9-10-11-класстардын арасында 2016-жылдын 8-декабрда "Сен өз укугуңду билесинби?" деген темада тегерек стол өтүлдү. Бул иш чараны мектептин тарых мугалими Батырканова Сонунбүбү эткөрдү. Сабак кызыктуу суроолор менен коштолуп талаш тартыш дискусся менен аякталды. Бул иш чарага мугалимдерден Табалдиева Асел, Акунова Назгүл, Айтбеков Адилет, Алиева Жаңыл эжейлер катышышты
Тарбиялык саат 26-декабрь
1-класс Мугалим: Ташкенова Б.
Тема: „Үй жаныбарлары, үй куштары.”
Максаты:Үй жаныбарлары боюнча кеңири түшүнүк алышат,алган билимдери жана билгендери боюнча жолдошторуна айтып беришет.Топтордо иштөөдө ар бир бала өз билгени боюнча эркин сүйлөп бере алат,жолдошторунун жана ата-эненин айткандарын эске туту менен билимдерин толуктайт.
Сабак өтүү ыкмалары:Жалгыз иштөө,жуп менен иштөө,топ менен иштөө,суроо жооп,менен иштөө.Ата-энелердин жардамы менен иштөө.
Сабактын жүрүшү:Саламдашуу.Окуучулар айлана түрүндө турушат,эгерде килемче салынган болсо ага тегерекче болуп отурушат,тегерек столдо ой бөлүшүү.
Мугалим төмөндөгүдөй суроо берет?
Балдар силер кээче күнкү сабак боюнча үйдөн ата-эненер менен же ага-эженер менен сүйлөшө алдыңарбы?Ата-эненер силер мектептен эмне үйрөндүнөр деп сураганда силер эмне деп жооп бердиңер?
Ар бир окуучу сүйлөгөнгө аракет кылат жана айтып беришет,кээ бир окуучулар апыртмалуу сүйлөшөт,кээ бир окуучулар чың айтышат менден ата-энем эч нерсе сураган жок деп,ал баланын ата-энеси менен сөзсүз байланышуу зарыл,ата-эне балага көңүл бурбаса бала басынып начарлай берет.
Эртең мененки жолугушуу бүткөндөн кийин „Мен таңдайм“ ыкмасы менен борборлоргоо отурушат.Ар бир борбордо темага байланышкан тапшырмалар бар.
Математикака борборундагы тапшырмалар:
1-тапшырма:Силердин уй көп сүт береби?
2-тапшырма:Үйдө канча коюнар бар?Алардын козусу барбы?Качан тууду эле?
3-тапшырма:Уйдө тоок бар?Бир тоок канча жумуртка тууйт?
4-тапшырма:Уйдө кимдин балыгы бар?Баардыгы канча болот экен?
5-тапшырма:Уйдө тоокко ким жем чачат,канча жолу жем чачасынар?
Окуу борборундагы тапшырмалар.
1-тапшырма: „Жети улак“жөнүндө жомокту ким билет?(айып беришет,билбесе ата-эне жардам берет)
2-тапшырма:Уй эмне жейт,сууну канча ичет..?
3-тапшырма:Кой сүт береби?Берсе кимге берет?
4-тапшырма:Тери кайдан алынат?
5-тапшырма:Териден эмне жасоого болот?
Жазуу борборундагы тапшырмалар.
1-тапшырма: Ж тамгасы кандай бөлүктөрдөн турат?Баракта С тамгасы оң жана тескери жазуу менен ошондой эле таякча менен Жана таякча менен оң тескери жазылган С туташтырган кыйшык жары таякчалар.
2-тапшырма:Баракча жазылган С тамгасын улантуу.
Эскертүү:Столдун үстүндө үй жаныбарларынын окшоштуктарынын жана айырмасын чагылдырган сүрөттөр болушу зарыл,окуучу жардамчы материал катары колдонгонго.
Мисалы:Үй жаныбарларынан тышкары жумуртканын, эттин, сүттүн,жүндүн жана жүндөн жасалган кийимдердин сүрөттөрү,ошондой эле ээр токумдун сүрөттүн койсонор жанылбайсынар.
Сөзсүз түрдө эле бир күндө алты борборду түзүү керек эмес силердин чыгармачылыгынарга жана балдардын жөндөмүнө жараша 3 же 4 ар кандай борборлорду түзөө аласынар.
Окуучулар ар бир борбордо 15-20 мунутадан иштешет,бул мугалимдин тапшырманы түзгөндүгүнө байланыштуу. Тапшырманы үйдөн түзүп жатканда баланын жаш өзгөчөлүгүнө жана жөндөмүн эске алуу зарыл.Мен теоритик усулчу ал эми силер практик чыгармачыл мугалимсинер ошондуктан силер түзгөн тапшырмалар балдарга жакын болуп алардын каалоосун канааттандырасынар деп ойлойм да ишенем.
Окуучулар тапшырмаларын борбордо ата-энелер менен бирдикте иштеп бүткөндөн кийин мугалим же таймер тарабынан таймер,ата-эне да боло алат „сигнал“-белги берилет.Окуучулар столдун үстүн ирээттеп тапшырмаларды ордуна коюп,сааттын жебеси менен башка борборго жылышат.
Баардык борборлорду сааттын жебеси аркылуу кыдырып бүткөндөн кийин ар бири өз борборлоруна келишет.
Тапшырмаларды аткарууда кандай кыйынчылыктар жана түшүнбөстүктөр болду талкуулашат.Андан сон кандай аткарды айтып беришет.
Мисалы:Математика борбору ,жазуу борборунда кандай иштеди жана аткарды айтып жана көргөзүп беришет.Ал эми математика борбору,жазуу борборунун тапшырмасы боюнча айтат.
Бардыгы айтып,жаткан бүткөндөн кийин толуктоо болсо толуктайт.
Мисалы:Мен бул тапшырманы мындай жасаган деген салыштыруулар болот.
Окуучулардын жасаган иштерин көргөзмө катары тамга илип же шкафка коюп кою зарыл,себеби окуучулар өздөрүнүн жасаган иштерин башкалар менен салыштырып,анализдөөгө калыптанат жана өнүгөт.
Cабактын темасы: Манас эпосу музыкада.
Сабактын максаты:
Чейрек ичинде өтүлгөн сабактарды бышыктоо жана концерт сабак өтүү
Чейрек ичинде алынган билимди бышыктоо менен, окуучуларды кабылдай билүүсүнө жана аткаруучулук жөндөмдүүлүктөрүнө тарбиялоо
Сабактын жабдылышы:
DVD –борбору, телевизор
Манасчылардын портреттери, видео, аудио жазылмалар, слайддар, көрсөтмө куралдар.
Доскада жазылуу:
Сабактын темасы: Манас эпосу музыкада.
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: Концертте аткарылуучу чыгармаларды кайталайбыз, эске салабыз. (Окуучуларды ырдоого үндөрүн даярдоо үчүн ырдоо көнүгүүлөрүн, концерттик программаны кайталоо жүргүзүлөт.)
Мугалим: Мына балдар биринчи чейрегибиз да аяктады. Чейрек ичинде алган билимибизди, өздөштүргөн чыгармаларыбызды жыйынтыкташыбыз керек. Эмесе ата-энелерибизге даярдаган майрамдык чакан программалуу концертибизди тартуу кылабыз:
1. Биз окуган мектепте.
2. Манастан үзүндү
Ээй! Баатыр Манас бабабыз,
Аккула минип балкайып.
Ала-Тоодой чалкайып,
Ат үстүндө заңкайып.
Арт жагынан карасаң,
Ак жолборстой түрү бар.
Маңдайынан карасаң,
Ажыдаардай сүрү бар ээй!
Кыйкырганда Манастын
Кырк миң шердей үнү бар.
Капталынан карасаң,
Кабыландай сүрү бар.
Айкөл Манас келбети
Арыстандай сүрү бар. Айкөл миген Аккула
Асыл тукум күлүк ал ээй!
3. Каныкейдин Тайторуну байгеге чабышы
Асыл энең Каныкей,
Дүрбү салып турду эле.
Чыгырыгын имерип,
Чын көзүнө жиберип.
Бурамасын имерип,
Булкуп көзгө жиберип.
Аттарга дүрбү салды эле,
Ат кабарын алды эле.
Кылтылдатпай бек кармап,
Кыдыра дүрбү салды эле, ээй!
Кең кеенин четинде,
Берки Кырым бетинде.
Оргуп-оргуп чаң чыгат,
Оргуган чаңды көргөндө,
Энекеңден жан чыгат.
Абайлап артын караса,
Атасынын ак тулпар,
Алыстап чуркап алыптыр,
Анын артын караса,
Чоң кашка тулпар чаңы экен.
Мунун артын караса,
Чоң күрөң сындуу мал экен.
Тегиз тиктеп караса,
Теминип камчы салыптыр.
Темиркандын төрт тулпар,
Тээ узак чуркап алыптыр ээй!..
4. Каныкейдин жомогу.
Ээй! Чыркырап ыйлап буркурап,
Карагаттай кайран көз.
Камчы бою жаш кетип,
Бөдөнөдөй кайран көз,
Энеңден бөлөк-бөлөк жаш кетип.
Ой, кулунум, угуп ал,
Муңканганым Ак Сарай.
Кагылайын кулунум,
Муңумду мен айтайын.
Берен атаң өлгөндө,
Белдей калган сан дүйнө.
Казынаны алты арам,
Бөлгөндүгүн айтайын.
Ойго муну ала жүр,
Таласка ал конду эле.
Ок өтпөгөн тон жасап,
Ойрон энең мен элем.
Муңдуу көзүм бар далай,
Абыке, Көбөш эки арам ,
Мындан көрдүм сабоону.
Адыбай, Көлбай төрт арам,
Андан көрдүм талону.
Чыйбыт да, Кочкор алты арам,
Мындан көрдүм камоону.
Таластан бери жөө тентип,
Качканымды айтайын ээй.
Муңумду айтам бир далай.
Аргын кыргыз аралаш,
Элдин жайын айтайын.
Жылгындуу, Кең-Кол, Кең-Талас,
Жердин жайын айтайын ээй!
5. Сейтектин чоңоюшу.
Ээй! Бирге жашы илинип,
Бир жашында билинип.
Кой көздөрү коюлап,
Жандуу болуп тирилип.
Эки жашка келгенде,
Тили чыкты сөздөлүп.
Кызык кылык башталды,
Кылгандары өзгөрүп.
Үч жашына келгенде,
Бойго карап күч толуп.
Төрт жашына келгенде
Бейпай салды жалпыга ээй.
Чүрөк энең Сейтекке,
Он сегиз миң аалады,
Жакшы менен жаманды,
Агы менен караны,
Узун менен кысканы,
Улуулардан нусканы,
Кандай болот жакыны,
Кандай болот душманы,
Баарын айтып чыкканы ээй!
Тогуз жашка келгенде,
Тынчып батпай элдерге.
Элге бүлүк салдырбай,
Жарты тыйын алдырбай.
Жарды киши калтырбай,
Тегиз бөлүп жайма-жай.
Байдын алып байлыгын,
Жардыларга берди ай ээй!
Мына ошондо Эр Сейтек,
Карапайым калкына.
Олжо тапса орошон,
Теңдеп бөлдү жардыга.
Байдын алган салыгын,
Калкка кайра бөлгөнү.
Теңчиликти, теңдикти,
Кылайын деп көздөдү.
Эр Семеңдин баласы,
Эл башкарып, жөндөдү ээй!..
- Азаматсыңар, балдар! Концерттик чыгармалардын баарын эң жакшы аткардыңар. Эми алдыда силерди каникул күтүп турат. Каникулда көңүлдүү эс алгыла. Жакшы маанай менен коштошобуз
Сабактын темасы: Күкүк
Сабактын максаттары:
· билим берүүчүлүк: «Күкүк» чыгармасынын мазмунун талдап түшүнүшөт. Күкүктүн жалкоолугунан өзүнүн иштерин бөлөктөрдүн мойнуна жүктөп, уурулукка өткөнү тууралуу ой бөлүшөт.
· өнүктүрүүчүлүк: акылсыз каармандын сыпаттарын сыпаттап, таблицаны толтуруп, баа беришет
· тарбия берүүчүлүк: бири-биринин пикирин угуп, ой бөлүшүүгө үйрөнүшөт.
Көрсөткүчтөр:
Жогоруда айтылган максаттар ишке ашат, эгерде
чыгарманын мазмунун түшүнсө; чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса; күкүктүн жаңылыштыктарын талдап, баа бере алса; тексттин тарбиялык маанисин ачып бере алса; чыгарманы талдай алса; өз оюн далилдүү айта алса;
Макалдарды аңгемелердин мисалында чечмелеп бере алса;
Башкалардын катачылыгынан сабак алып, жалко болбоо керек экендигин билишсе.
Сабактын тиби: изилдөө сабагы
Колдонулган ыкма: түгөйү менен иштөө. Салыштыруу.
Сабактын жабдылышы: Эки окуучуга бирден №1,2,3 тиркемедеги текстти жана №4 тиркеме флипчартка жазылат (5-7 мин)
Потенциал: Окуучулар биргелешип иштөөгө үйрөнүшөт, салыштыруу классификациялоо көндүмдөрүнө ээ болушат, ой бөлүшүүгө, өз оюн далилдеп берүүгө аракеттенишет.
Мугалим балдарды талкууга тартуу максатында суроо менен кайрылат. Суроо эркин формада болот.
№1 тиркеме Сагызгандын жини келди
Эрте жаздан баштап канаттуулардын бардыгы уяларын сала башташты. Бир гана күкүк эч нерсе иштебей бекерпоз жүрдү. Эрте жатып кеч турат. Ошенткен сайын билесиңер го, уйку ого бетер күчөйт эмеспи.
Ошентип, жаз аягы болгон кезде куш аттуунун бары уяларына кирип, жалгыз гана күкүк ай-талаада калды. «К-күк! Кү-күк!» деп ыйламсырайт. Бирок бир да канаттуу аны уясына киргизбейт. Туура да, ар ким эле өз уясында тынч жашагысы келет эмеспи.
-Айе, сен эмне уя салып албайсың өзүң?! – деди Сагызган ага бору ооруп.
-Салат элем го, бирок ылайыктуу жер таппадым,-деп Күкүк ыйлап ийди.
- О, койчу! Мен таап берейин ылайыктуу жерди!
Ошентип, сагызган чоң эмендин бутагынан бир ажайып жер таап берди. Бир топ күн өткөндөн кийин караса, Күкүк дагы эле эч нерсе жасабай, ар кай жерде учуп-конуп жүрөт. Сагызган таң калды.
-Э, Күкүк! Уяңды эмне салбай жүрөсүң?
- Уяга жарай турган чөп-чар таппай жүрөм.
- О, кокуй десе! Бая эле айтпайсыңбы. Жүрү, мен таап берейин.
Сагызган чөп-чардын сонунун таап берген соң, Күкүк далее бекер жүрдү. Сагызгандын жини келип, бир күнү сурады:
-Эй жалкоо! Дагы эмне шылтооң бар?! Эмне үчүн уя салбай жүрөсүң?
- Уяны го салам дечи, астына төшөй турган тыбыт таппайм…
- Ойе, жолуң болгур десе! Жүр мени ээрчип уч!
№2 тиркеме Күкүк ууру жолго түштү.
Сагызган бир адамдын сарайына учуп келип, Күкүккө үлпүлдөгөн жумшак кебезди көрсөттү.
- Момундан ал да каалашыңча алдыңа төшөп сал!
Арадан дагы бир жума өттү. Күкүк болсо баягындай эле салпылдап бекерпоз жүрө берип, бир күнү жумуртка тууп салды. Уясы жок немее талаага тууйт да! Эми эмне кылыш керек. Ойлонуп ыйлап отурду да, Сагызган досун эстеди. Учуп барса, ДОСу жумуртка басып отуруптур.
Күкүктү көрөр замат Сагызган күлдү.
- Сендей жалкоо жер үстүндө барбы деги? Колуңда бары турат, бирок уя салбайсың. Деги эмне деген жансың өзүң?
- Ырас айтасың, досум. Баары эле бар уя салганга. Бирок убакыт таппадым, такыр колум бошобойт.
- Бали, досум. Сендей жалкоону жерди жети кыдырып табыш мүмкүн эмес. Боорду эзип салдың. Ха-ха-ха! Болду эми, досум, сага жардам бере албайм. Кадырың жан болсун!
- Жумурткамды кошо басып берчи, бай болгур. Баары бир өзүңдүкүн басып отурасың го…
- Жо-жок! Оозуңан айлансын!
Сагызган кашайып такыр болбой койду. Анда Күкүк калган бардык тааныштарынан жалдырап суранса, бири да анын жумурткасын басууга макул эмес. Жок, чын да, бирө8нүн жумурткасын басып, жоокерчиликти моюнга алыш оңойбу?
Ошондон кийин Күкүк айласыздан ууру жолго түштү. Ээси жок кезде бирөөнүн уясына кире калып, жумурткасын кошуп коёт.
№3 тиркеме
Жалкоо бала
Ал башкалардан үлгү алууга умтулбайт.
Ар бир ишин өз убагында бүтүрбөйт.
Ар дайым шылтоо издей берет.
Жалкоо күкүк
Канаттуулар уя салып жүргөндө бекерпоз болуп күкүк жүрдү.
Өзү иштей туран ишти башкаларга жүктөп коюу тура эмес.
Ал жалкоолугунан, канаттуулардын уясына ууру жол менен жумурткасын кошуп коёт.
Суроолор боюнча аңгемелешкиле:
1. Канаттуулар уя салып жүргөндө Күкүк эмне кылып жүрдү?
2. Ал жаңылыштыгын билип, канаттуулардан эмне деп суранды?
3. Алар макул болбогон соң кандай уурулукка өтүптүр?
4. Анын кылганын туура дейсиңерби?
5. Өзүнүн ишин бирөөгө жасаткан ушундай адамдарды көрдүңөр беле?
6. Аңгемедеги каармандардын сапаттарын сыпаттап, салыштырып айтып бергиле.
Макалдарды окуп, аларды жогоруда окуган аңгемелердин мисалында түшүндүргүлө.
Жалкоолук тууралуу:
Жалкоо жерге да жүк, элге да жүк.
Жалкоо иштеп эмес, карап отуруп чарчайт.
Жалкоого иш буюрсаң, өзүңө акыл үйрөтөт.
Жалкоонун эртеңи түгөнбөйт.
Жалкоого кеч кирбейт, жаманга эс кирбейт.
Окуучулардын билими сабактын максаттарына ылайык көрсөткүчтөрдүн негизинде берилет.
Үйгө тапшырма:
1. Өтүлгөн темаларды кайрадан окуп, мазмунун сүйлөп берүү.
2. Акыл тууралуу айтылган макалдарды ата-энеңер менен бирге окуп, маанисин чечмелеп келгиле.
Математика мугалими Алиева Жаңыл 5-класска слайд - шоу колдонуу менен ачык сабак өттү. Окуучулар бөлчөктөрдүн негизги касиетин, бөлчөктөрдү кыскартууну үйрөнүштү. Окуучулар кызыгуу менен кабыл алышты.
Мукатбетова Б. алгебра сабагынан "бүтүн көрсөткүчтүү даража" деген темада ачык сабак өттү. Окуучулар бүтүн көрсөткүчтү даража жөнүндөгү маалыматтар менен таанышып, маанисин түшүнүштү. Тема боюнча сууроолорго жооп берип, мисал, маселе иштей алышты. Каалагандай алгебралык бөлчөктү бүтүн түргө келтирип алууда терс даража көрсөткүч түшүнүгүн колдонуу ыңгайлуу болот.
Башталгыч класстар арасында Нооруз майрамы 20-мартта өткөрүлдү. Бул майрамда башталгыч класстар улуттук кийимдерди кийишип, улутубуздун каада салтынан баланы бешике салуу салтын көрсөтүштү. Мындан тышкары улуттук тамак аштарды жакташып көрүүчүлөргө ыр бийлерди, көркөм айтууларды, куттуктоолорду тартуулашты.
Сүмөлөктү жасоону көрсөтүп беришти.
10-мартта "Ыйман, адеп, маданият" деген эмне деген темада 9-класста ачык класстык саат өтүлдү. Сабакка мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы жүндүбаева Бактыгүл, Мурзакожоева Динар эжейлер катышышты. Сабак дискуссия түрүндө өтүлдү. Окуучулар адеп, ыйман жөнүндө түшүнүк алышты. Маданияттын түрлөрүн үйрөнүштү. Бул сабакка 10-11-класстын оууучулары да катышышты. Адеп боюнча окуучулар өзүлөрү оюн коргозүштү, ыйман, адеп, маданият боюнча макал-лакаптарды айтышып чечмелеп беришти. Мектепте коомдук жайларда өзүлөрүн кандай алып жүрүү керектигин үйрөнүштү. Бул сабак кыргыз тил адабаияты сабагы менен байланыштуу болду.