12-декабрь Улуттук адабият күнүнө арналган башталгыч класстардын жумалыгы
Дата публикации: 24.01.2017 7:22:31
7-12-декабрда Улуттук адабият күнүнө арналган жумалык өткөрүлдү. "Мектепке белек" акциясы жүргүзүлдү. Ата энелер жана коомчулук мектепке жана балдарына 1 ден көркөм адабият китептерди тартуулашты.
"Мен сүйгөн каарман" аттуу кыргыз балдар адабият жазуучуларынын чыгармаларынын каармандарынан сүрөт көргөзмөсү уюштурулуду.
Окуу фестивалында ата энелер жана коомчулук балдарга китеп окуп беришти. Куурчак теятр конкурсунда 1-класс Б Асаналиевдин "капар менен карга " чыгармасын, Л Толстойдун "Карышкыр менен эчки" чыгармасын коюшту.
көркөм окуу боюнча 1-класс Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан Толгонайдын монологун, "Ак Кеме" чыгармасынан Нургазынын монологун аткарышты. А Токомбаевдин "Китеп" чыгармасын көркөм айтышты.
Жыйынтыгында райондук конкурска жолдомо алышып, райондук конкурста "Ак Кеме" чыгармасында Нургазынын образын чагылдырган Уалиев Нурмамбет "Ыраазчылык баракчасына" ээ болду
Китеп жаратам конкурсуна мугалим, окуучу, ата эне жараткан китептердин көргөзмөсү уюштурулду.